Бишкекте жаран катуу сабалган. Шектүү кармалды

Бишкекте токмоктоого шектелген жаран кармалганын 11-апрелде Ленин РИИБден билдиришти. 

Жабырлануучунун айтымында, 4-февраль күнү таңкы саат төрттөр чамасында ага Чүй проспектисинде жайгашкан кафелердин биринин жанынан бейтааныш адамдар кол салышкан. Алардын урушу мушташка айланып, анын жүрүшүндө эркек киши сабалган. Кесепетинен жабырлануучу «оор контузия» деген диагноз менен ооруканага жаткырылган. Кылмышка шектелип, 1996-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды.