Абактан чыкканына 2 жума болгон жаран адам өлтүрүүгө шектелип кармалды

Адам өлтүргөн жаран ИИМдин видео камерасынын жардамы менен кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкерлери Бишкекте белгисиз жаранга күч колдонулуп, каза болгон денесин табышкан. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, ашкана бычагы табылып, экспертизалар дайындалган. Милиция кызматкерлери тарабынан ошол эле күнү анын ким экендиги аныкталып, жакын туугандары тарабынан таануу жүргүзүлгөн.

Кылмыш иштин алкагында видеобайкоо камералары менен кылмыш изи изилдене баштаган. Милиция кызматкерлери окуя болгон Ибраимов менен Лев Толстой көчөлөрүнөн баштап санариптештирүүнүн алкагында орнотулган видеобайкоолор тутумун кароо менен шектүү жарандын изине түшүшкөн. Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан 9-ноябрь күнү таңкы маалда Малдыбаев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен туруктуу жашаган жери жок, Жалал-Абад облусунун 47 жаштагы тургуну кармалып, тергөө кызматына жеткирилди.

Шектүү мурда эки жолу соттолуп, түрмөдөн чыкканына эки жума болгон. Алгачкы тергөө иштеринин жүрүшүндө экөөнүн ортосунда чыр-чатак чыгып, экөө мушташып кетет да, шектүү маркумду бычак менен сайып жиберип, качып кеткендиги аныкталган.