Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан унаа уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
26-ноябрда 1996-жылы туулган жаран милицияга арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 19:30 чамасында Турусбеков көчөсүндө жайгашкан үйүнүн короосунда токтоп турган Toyota Voxy үлгүсүндөгү унааны белгисиз жарандар уурдап, белгисиз тарапка айдап кеткенин айткан.
Бул боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 1990, 1977-жылы туулган жарандарды аныктап, Ленин РИИБдин Тергөө кызматына жеткиришкен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 206-берененин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.