Бишкекте жаранды бычак менен коркутуп, сабап, эс-учун жоготкон абалда 3 күн кармаган шектүүлөр кармалды

Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү адам уурдоо фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан адам уурдоо фактысы боюнча 3 жаран кармалган. 19-февралда Бишкек шаарынын аймагында 3 жаран алдамчылык жол менен жергиликтүү тургундун жолугушуусун уюштуруп, жаранды белгисиз тарапка алып барышып, күч колдонуп, бычак менен коркутуп, денесине оор залал келтиришкен.

Андан кийин, аталган жаранды эс-учун жоготкон абалда Бишкек шаарындагы батирлердин бирине 3 күн кармашып, күч колдонуу менен коркутуп, 3 миң доллар талап кылышкан. Кылмышка шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.