Бишкекте жаранды сабап, тапанча менен коркутуп, карактап кеткен шектүүлөр кармалды

Бишкекте каракчылыкка шектүүлөр кармалды, алардын бири уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

4-ноябрь күнү милицияга 1984-жылы туулган жаран арыз менен кайрылып, 3-ноябрда саат 16:30 чамасында Бөкөнбаев көчөсүнөн белгисиз курал менен коркутуп, денесине залал келтирип, 14 миң сом акчасын жана 21 миң сомдук Редми маркасындагы уюлдук телефонун ээлеп алган адамдарга карата чара көруп берүүсун суранган. Бул факты боюнча Ленин РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-Жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларын жүрүшүндө, 1983-жылы туулган С.К. кылмыш дүйнөсүнө «Кундузбек» деген каймана аты белгилүү, мурда соттолгон жана ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары турат жана 1995-жылы туулган И.Р. аттуу шектүүлөр кармалды. Ленин райондук соту тарабынан шектүүлөргө карата камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып, Бишкек шаарынын 1-тергөө абагында 2 айга камакка алынды.

Жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жүрүшүндө 1995-жылы туулган шектүүнүн жашаган жеринен пневматикалык курал табылып алынган. Ошондой эле, 1983-жылы туулган шектүү сүйлөшүү учурунда уурулук идеясынан баш тартканын жана мыйзамга баш ийип жашай турганын билдирген.