Бишкекте жаранды таш менен уруп, муунтуп жаткан видео тараган. Жабырлануучунун эч кимге доосу жок

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары Бишкектеги мушташтын видеосу менен бөлүшүшкөн. Анда жаранды таш менен уруп, муунтуп жатканын көрүүгө болот.

Видеонун 7-июлда саат 14:00дөр чамасында Ахунбаев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде тартылганы айтылган. 

Октябрь РИИБден журналисттерге жабырлануучу арыз базбаганын билдиришти. «Иликтөө иштери башталды. Жабырлануучу 28 жаштагы жарандын эч кандай дооматы жок болгондуктан, арыз жазуудан баш тартты», — деп билдиришкен милициядан.