Бишкекте жарандын бир эмес, эки үйүн өзүнө жаздыртып алууга аракет кылган шектүү кармалды

Башка бирөөнүн мүлкүн опузалап талап кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин Тергөө кызматына Бишкек шаарынын тургуну опузалап талап кылуу фактысы боюнча арыз менен кайрылган. Анда шектүү жаран 2022-жылдын август айынан бери жабырлануучуну жана анын үй-бүлөсүн коркутуп, өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч келтирип, опузалап акча каражатын жана үй мүлкүн талап кылып, кыймылсыз мүлкүн өзүнө каттатып берүү талабын коюп келген.

Териштирүүдө маалым болгондой, опузалап талап кылган адам бир үйдү эмес, жарандын бүтүндөй эки үйүн өзүнө каттатып алуу аракетин көргөн. Аталган факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси «опузалап талап кылуу» менен кылмыш иши козголгон.

Атайын операциялар отрядынын кызматкерлерин тартуу менен шектүү 2000-жылы туулган жаран кыймылсыз мүлктү каттоого документтерди даярдоо учурунда кармоо иш-чарасы жүргүзүлгөн. Шектүү адамга таандык Лексус үлгүсүндөгү унаага тинтүү жүргүзүү учурунда Макаров тапанчасына окшош ок атуучу куралы жана анын 13 огу табылып алынган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Nергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн жашаган жеринен ок атуучу куралдар: снайпердик ок атуучу куралы, «Сайга» үлгүсүндөгү ок атуучу куралы, эки тапанча, 7,62 калибрдеги 100дөн ашык октору, ошондой эле башка ок атуучу куралга таандык октор жана бычак табылып алынган. Учурда, опузалап талап кылуу фактысы боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.