Бишкекте жарандын далысына бычак сайып кетишкен

Милиция тарабынан Бишкекте бычак сайган делген киши кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

8-октябрда милицияга жаран арыз менен кайрылып, далысына бычак сайган жаранга чара көрүүнү суранган. Жабыркаган жаран ооруканага жаткырылган. Кылмышка шектелип 1981-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.