Бишкекте жарандын иш бөлмөгө кирип, 3,5 миң доллар жана 120 миң сом алып кеткени видеого түшүп калган

Бишкекте уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-апрелде милицияга жаран арыз жазып, ошол эле күнү саат 15:50 чамасында курулуш компаниялардын биринде иш бөлмөдөн сумкада турган 3,5 миң доллар жана 120 миң сомду алып чыгып кеткен жаранга чара көрүүнү суранган.

Кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды.