Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.
17-октябрда милицияга жаран кайрылып, 14-августта анын ишенимине кирип, 30 миң доллар турган БМВ М3 340 унаасын алып, үчүнчү тарапка сатып жибергенин айткан. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды.