Бишкекте жаранга көчөдө кол салып, 250 миң сомун карактаган шектүү кармалды

Бишкекте жаранга көчөдө кол салып, 250 миң сомун карактаган шектүү кармалды. Бул тууралуу ШИИББден билдиришти.

«2024-жылдын 28-ноябрь күнү милицияга жаран арыз менен кайрылган. Арызында ошол күнү саат 22:00 чамасында Ала-Арча көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисинин кесилишинде белгисиз адам күч колдонуп, 250 000 сомдон ашык акча каражатын алып, изин жашырып кеткен», — деп жазылат маалыматта.

Аталган факты боюнч кылмыш иши козголуп, мурда соттолгон, 36 жаштагы шектүү кармалган. Учурда шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыш фактыларына тиешеси бар экендигин аныктоо жүрүп жатат. Тергөө иштери улантылууда.