Бишкекте жасалма доллар сатууга аракет кылып жаткан жаран кармалды

Кылмыштуу топтордун мүчөлөрү тарабынан жасалма доллар ташуу жана сатуу боюнча эл аралык каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыштын негизинде кечээ, 21-апрелде Бишкек шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Жалал-Абад облусунун 1983-жылы туулган тургуну 11,5 миң жасалма долларын сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды. Тактап айтканда, Бишкек шаарында уюшкан кылмыштуу топтун айрым мүчөлөрү чет мамлекеттердин биринен алып келинген жасалма долларын сатуу боюнча туруктуу эл аралык канал түзүшкөнү боюнча ыкчам маалыматтар алынган. Кармалган жаран камакка алынды.