Бишкекте жасалма номер тагылган Honda Fit унаасы кармалды (сүрөт)

Бишкекте жасалма номер тагылган Honda Fit унаасы кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-июлда кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, саат 16:15 чамасында Сүйөркулов көчөсүнөн жол эрежесин бузган Honda Fit автоунаасын токтотушкан. Кызматкерлер автоунаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда 1971-жылы туулган айдоочу автоунаасынын мамлекеттик номерин башка жасалма номерге алмаштырып айдап жүргөндүгү аныкталган. Бул факты боюнча автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, ал эми айдоочусу андан ары чара көрүү үчүн Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына жеткирилди.