Бишкекте жасалма номур менен унаа башкарып жүргөн айдоочу кармалды

Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан жасалма номур менен унаа башкарып жүргөн айдоочу кармалды. Бул туураалуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-январда милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 06:00 чамасында Бишкек шаарынын Ден-Сяопин көчөсүнөн жол эрежесин бузган «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан.

Автоунаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда 1990-жылы туулган жарандын унаасынын мамлекеттик номурун жасалма номур менен алмаштырып айдап жүргөндүгү аныкталган.

Бул факты боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери автоунааны убактылуу короо жайга токтотуп, ал эми айдоочусун Ленин РИИБдин тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.