Бишкекте жаш жигит унаасына ок атуучу курал менен баңгизат салып жүргөн (сүрөт)

Милициянын кайгуул кызматкерлери баңгизатты мыйзамсыз даярдоого жана белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал алып жүргөнгө шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

31-октябрда Милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жаткан учурда саат 06:30 чамасында Тоголок Молдо менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен 1998-жылы туулган айдоочунун башкаруусундагы Хондай Соната үлгүсүндөгү унааны жол эрежесин бузгандыгы үчун токтотушкан. Кызматкерлер айдоочунун керектүү документтерин текшерүү учурунда анын унаасынын багажынан белгисиз ок атуучу курал жана ширеңкенин кутучасына салынып турган 6 грамм салмагы менен спецификалык жыты бар жашыл түстөгү зат (кара куурай) табылган.

Бул факты боюнча кармалган шектүү жаран Биринчи Май РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилген. Азыркы учурда Биринчи Май РИИБ тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине алынып, Жазык кодексинин 268-берененин (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, максатсыз, мыйзамсыз даярдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.