Бишкекте жаш кыз тергөөчүнү сабап, кеңседе башаламандык уюштурган. Окуянын чоо-жайы

Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкекте милициянын тергөөчүсүнүн сабалышы боюнча окуянын чоо-жайын билдирди.

Маалыматка караганда, 5-августта саат 2:00дө «102» кызматына чалуу боюнча милиция бөлүмүнө 1997-жылы туулган кыз жеткирилген. 

Ал мас абалында болгон жана тергөөчүнүн кабинетинде агрессивдүү жүрүм-турум менен орой сөздөрдү колдонуп баштаган. Милиция кызматкеринин мыйзамдуу талаптарына жооп бербей, аны сабап, кеңсе жабдууларын сындырган. Мындан тышкары, ал өзүнө каршы жазылган жазуу түрүндөгү арызды айрып салган.

Бул факт Октябрь РИИБге катталып, 266-берене (бейбаштык) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Белгиленгендей, иш Кылмыш-жаза кодексинин «бийлик өкүлүнө кол салуу» катары кайра квалификацияланган эмес. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бүгүн сот шектүүгө карата баш коргоо чарасын тандайт. Алган жаракаттарынын оордугун аныктоо үчүн соттук -медициналык экспертиза дайындалган.