Бишкекте жашы жете элек кызды сойкулукка мажбурлаган шектүү кармалды

Милиция кызматкерлери сойкулук кылууга тарткан шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

1-декабрь күнү Октябрь РИИБге жаран арызы менен кайрылган. Анда ал ушул жылдын октябрь айынан баштап анын жашы жете элек 2006-жылы туулган сиңдисин алдоо жолу менен сойкулук кылууга тартканын билдирген. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесине (Сойкулук кылууга тартуу) ылайык сотко чейинки өндүрүш иши козголгон.

Кылмышка шектүү 2001-жылы туулган жаран аныкталып, кармалган.