Бишкекте жатаканадан өрт чыгып, жабыркагандар бар

Бишкекте Махатма Ганди көчөсүндө жайгашкан жатаканадан өрт чыгып, жабыркагандар бар. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Тилсиз жоо катталган дарекке өрттү өчүрүүгө саат 13:55те 1 бөлүм, саат 14:13тө 1 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа жана штаб тартылган. Өрт саат 14:29да чектөөгө алынып, учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалымат боюнча, имараттан 4 жаран эвакуацияланып, анын экөө жабыркап, Тез жардам унаасы менен орууканага жеткирилди.