Бишкекте 2 адамды уурдап кетишип, туугандарынан 160 миң доллар сурашты

Адамдары уурдоого шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

9-октябрда Ички иштер министрлигине жарандардан тууганын уурдап, белгисиз жерде кармап жаткандарга карата чара көрүү өтүнүчү менен билдирүү түшкөн. Маалым болгондой, эки адам уурдалганы белгилүү болгон. Адамдарды уурдаган жарандар доллар менен ири суммадагы акча талап кылышкан. Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин 2-бөлүгү (эки же андан ашык адамга карата жасалган адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Жабырлануучулардын жүргөн жерин аныктоо максатында комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Бишкек шаарынын аймагынан оор кылмышка шектүү катары 3 адам кармалды. Алынган маалыматтар боюнча, уурдалган 23 жана 30 жаштагы жарандарды мейманканалардын биринин аймагында 6 күн мыйзамсыз кармап турушкан. Шектүүлөр алардан 160 миң доллардан ашык акчаны талап кылышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, адам уурдоонун уюштуруучусу жеке бизнеси бар адам болгон. Каржылык жактан талаш-тартыштар, пикир келишпестиктер жана карыз маселеси боюнча жогорудагы мыйзамсыз аракеттер жасалган.

Уурдалган жарандарды жеке күзөт агенттиктеринин биринин эки кызматкери кайтарып турганы белгилүү болду. Айрым маалыматтарга караганда, алар кошумча иштегени үчүн кошумча акы алышкан. Учурда үч шектүү тең кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Уурдалган жарандар бошотулду.