Бишкекте жеңил унаа менен автобус сүзүшүп, 8 адам жабыркады (видео)

Бүгүн, 26-ноябрда Бишкектеги Барпы Алыкулов жана Жайыл Батыр көчөлөрүнүн кесилишинде (ЖЭБ-2 району) чыгыштан батышты көздөй катуу ылдамдыкта келе жаткан Мерседес Бенц жеңил унаасы №23 муниципалдык автобус менен сүзүшкөн. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«8 адам жабыркады. Алардын 5и автобустун жүргүнчүлөрү, 3 адам жеңил унаада болгон. Алар ооруканага жеткирилди. Окуя болгон жерде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын ЖККБ кызматкерлери иштеп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, унаанын айдоочусу жол эрежесин бузган», — деп айтылат маалыматта.