Бүгүн, 20-июнда Бишкекте болжол менен саат 12:05те 1962-жылы туулган айдоочу Hyundai K5 унаасын Профсоюзная көчөсүндө башкарып бара жатып, Месорошо көчөсүнөн оңго бурулганда 1999-жылы туулган жигит башкарып бара жаткан скутер менен сүзүшкөн.
Кесепетинен 26 жаштагы жигит ооруканага жеткирилген. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Унаа жана скутер айып короого киргизилген.