Бишкекте жеңил унаа сүзгөн маршрутка оодарылып калган (сүрөт)

Бишкекте кичи автобус менен жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдирди.

Маалым болгондой, кырсык саат 15:00 чамасында Киев менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, кичи автобустун үч жүргүнчүсү жабыркаган. Аларды тез жардам кызматы алып кеткен.