Бишкекте жеңил унаа толугу менен күйүп кетти (сүрөт)

7-кичи районундагы Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жанында Мерседес-Бенц S-500 үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 05:38де өрт чектөөгө алынып, 06:06да өрт толук өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.