Бишкекте жеңил унаа толугу менен күйүп кетти (сүрөт)

Бишкекте жеңил унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Кара-Жыгач конушундагы Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда “Mazda Demio” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттү өчүрүүгө №7 ӨКБдан бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган, түнкү саат 02:38 өрт толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.