Бишкекте жеңил унаа толугу менен күйүп кетти (сүрөт)

Бишкекте жеңил унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт кырсыгы Иса Ахунбаев менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылган, өрт саат 16:02де чектөөгө алынып, 3 мүнөттөн кийин толук өчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен Жигули ВАЗ 2107 унаасы толук күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.