Бишкекте жеңил унаа толугу менен күйүп кетти (сүрөт)

Бишкекте жеңил унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Ленин районунун Ак-Өргө конушундагы Лущихина көчөсүндө болгон. Анда турак үйлөрдүн короосунун бириндеги Хонда Аккорд үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө №6ӨКБдан бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, өрт саат 02:29да чектөөгө алынып, 02:58де толук өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда.