Бишкекте жез кабелдерин уурдап кеткен чет өлкөлүк жаран кармалды

Бишкекте уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

11-август күнү Октябрь РИИБге жаран арызы менен кайрылып, жаранга чара колдонуп берүүсүн суранган. Себеби 11-августка караган түнү Бишкек шаарынын Аалы Токомбаев көчөсүндө жайгашкан жаңы курулуп жаткан үйлөрдүн биринен жалпы суммасы 100 миң сом түзгөн жез кабелдерин уурдап кеткен. Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган чет элдик жаран аныкталып, кармалды. Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.