Бишкекте жигит үйүнүн жанында от алып турган унаасын таппай калган. Кылмышка шектүү кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери унаа айдап качууга шектүү жаранды аныктады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Кечээ, 28-февралда саат 09:20 чамасында Бишкек ШИИБдин “102” кызматына «унаамды айдап кетти» деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 1998-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Анда үйүнүн жанында от алдырып, токтоп турган Тойота Виш үлгүсүндөгү унаасын белгисиз жаран белгисиз тарапка айдап качып кеткенин айткан. Ыкчам кармоо иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 2004-жылы туулган жаран кармалып, аны Ленин РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүп беришти. Тергөө жүрүп жатат.