Бишкекте жоголгон 15 жаштагы өспүрүм Жалал-Абаддан табылды

Бишкек шаарында жоголгон 15 жаштагы Акылай Баялиева Жалал-Абад облусунун аймагынан табылды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден маалымдашты.

«Жашы жете элек балдар менен иштеген инспекторлор Бишкектен жоголгон өспүрүм кыздын дарегин аныктап таап, кызды ата-энесине өткөрүп беришти. Ошондой эле окуяга байланыштуу кыздын жакындары менен, өспүрүм менен профилактикалык сүйлөшүү иштерин жүргүздү», — деп жазылат маалыматта.