Бишкекте ЖОЖдун мугалими жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка барган деп шектелүүдө

Бишкекте 44 жаштагы жаран жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка барган деп айыпталып жатат. 

27-февралда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына аял киши арыз менен кайрылган. Анын айтымында, борбор калаадагы ЖОЖдордун биринде мугалим болуп иштеген жаран 2022-жылдын сентябрынан бүгүнкү күнгө чейин 2006-жылы туулган кайын сиңдиси менен жыныстык катнашта болгон. Арыз ээси белгилегендей, акыркы жолу жашы жете элек кыздын эркине каршы Орто-Сай айылында аны менен жыныстык катнашта болгон. 

Бул факты каттоого алынып, анын алкагында тергөөгө чейинки текшерүү дайындалып, бардык керектүү экспертизалар дайындалган. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1978-жылы туулган жаран аныкталган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында бардык адамдар суракка алынып, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 160-беренеси боюнча иш материалдары Аламүдүн РИИБге жөнөтүлгөн.