Бишкекте жок батирди 20 миң сомго ижарага берип, из жашырган шектүү кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Милицияга жаран белгисиз адамга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. 6-ноябрда Скрябин көчөсүндө жабырлануучунун ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен көп кабаттуу үйлөрдүн биринен ижарага батир берем деген шылтоо менен анын 20 миң сом акчасын алып, из жашырган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иштери козголду.

Кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган жаран аныкталып, кармалган.