Бишкекте жол боюнда кайыр сурагандарга рейд жүрдү (видео)

Бишкек шаарынын Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагында «Кайырчы» аталышта рейддик иш-чара өткөрүп жатышат.

«Рейддик иш-чаранын максаты жол кырсыктарын алдын алуу. Жол кесилиштерде, жол боюнда кайыр сураган кайырчылар аймактык милиция бөлүмдөрүнө жеткирилди», — деп айтылат маалыматта.