Бишкекте жол кырсыгы катталып, 2 адам көз жумду

Бишкекте 17-октябрда түнкү саат 23:30 чамасында адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 1989-жылы туулган жаран Хендай Соната унаасы Масалиев көчөсүндө бара жатып, Бакаев көчөсүнө кайрылып жатканда 2004-жылы туулган жигит башкарып бара жаткан Тойота Ярис унаасы менен сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен Соната унаасындагы 1990-жылы туулган аял киши жана 2013-жылы туулган бала ооруканада көз жумган. Андан тышкары, Тойота Ярис унаасынын айдоочусу, Сонатанын айдоочусу жана Сонатанын 2010-жылы туулган жүргүнчүсү ооруканага жеткирилген.