Бишкекте жол кырсыгы катталып, 4 адам жаракат алганы маалымдалды

Бүгүн, 22-майда саат 12:24 чамасында Бишкектеги Тыналиев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды.

Маалыматка караганда, маршруттук такси менен Хюндай Соната унаалары сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен маршруттук таксинин терезесинен эки адам ыргып кеткени да айтылды.

Милициянын кайгуул кызматы 4 адам жаракат алганын билдирди. Аларды үчөө №135 маршрутканын жүргүнчүлөрү, бирөөсү жеңил унаанын айдоочусу.