Бишкекте жол кырсыгы катталып, жаш кыз ооруканага жеткирилди

Кечээ, 19-декабрда саат 01:15 чамасында Бишкекте жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1997-жылы туулган кыз Ниссан Марч үлгүсүндөгү унаасы менен 7-апрель көчөсүндө түндүк тарапты көздөй бара жатып, рулду башкара албай, сол тараптагы тосмону сүзүп токтогон. Жол кырсыгынан айдоочу жабыркап, ооруканага жеткирилген. «Азыркы учурда унаа айып короо жайына токтотулуп, тийиштүү экспертиза дайындалып, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда», — деп айтылат маалыматта.