Бишкекте жол кырсыгынын кесепетинен бир адам каза тапты (видео)

Бишкекте жол кырсыгынын кесепетинен бир адам каза тапты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 7-мартта Токомбаев жана Сухэ Батор көчөлөрүнүн  кесилишинде саат 8:10 чамасында болгон. Honda Fit унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, түркүктү сүзгөн. Унаадагы жүргүнчү ошол жерден мүрт кеткен. Айдоочу ооруканага жаткырылган.

Унаа айып короого токтотулуп, тергөө иштери башталды.

Окуя болгон жерден тартылган видео «Короче» Telegram каналына жарыяланды.