Кечээ, 12-августта саат 11:00 чамасында Лев Толстой жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол оңдоо ишинин кызматкери менен Toyota RAV4 автоунаасынын айдоочусунун ортосунда жаңжал чыккан. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан маалымдашты.
Бул окуянын видеосу WhatsApp мессенжеринде тараган. Аталган факты Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин МЭЖге катталган. Ленин РИИБге Д.А. аттуу жаран айдоочуга карата арыз менен кайрылган, бирок соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан.
Милиция кызматкерлери тарабынан 1978-жылы туулган М.И. аттуу жаран милиция бөлүмүнө жеткирилип, ага карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлүп, Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Милиция жарандарды коомдук тартипти сактоого, мыйзамга каршы аракеттерге жол бербөөгө жана талаш-тартыштуу кырдаал жаралганда ички иштер органдарына кайрылууга чакырат.