Бишкекте жол тандабас жөө жүргүнчүнү сүзүп алды. Ал кырсык катталган жерде мүрт кеткен

Бишкектин Чыңгыз Айтматов көчөсүндө кечээ, 23-мартта саат 22:20лар чамасында Тойота Ландкрузер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тойота Ландкрузер үлгүсүндөгү автоунаа түндүктөн түштүккө карай кетип бара жаткан. Максим Горький көчөсүнө жетпей 65-70 жаштагы жөө жүргүнчү жолго чыга калып, кырсыкка кабылган. Ал окуя болгон жерден мүрт кеткен.

Учурда унаа айып аянтчасына токтотулган. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, окуянын себептери аныкталууда.