Бишкекте жол тескөөчүлөр менен мушташкан жаран. Окуянын чоо-жайы

Кечээ, 2-ноябрда саат 12:10 чамасында “102” кызматына Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан кийим тигүүчү цехтердин биринде мас жаран ызы-чуу салып жатат деген маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 1991-жылы туулган жаран мас абалында майда бейбаштык кылып жаткандыгы аныкталган. Кызматкерлердин мыйзамдуу талабына да баш ийбей, качып кеткен. Бирок кийин кармалып, андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн Свердлов РИИБге жеткирилген.

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары Бишкекте жол тескөөчүлөр менен мушташа кеткен жарандын видеосу менен бөлүшүп жатышкан.