Бишкекте жол тескөөчүлөрдүн камерасын жана погонун жулуп алган айдоочу менен жүргүнчүнүн видеосу

Милициянын кайгул кызматынын кызматкерлери 3-сентябрь күнү саат 22:30 чамасында кызмат өтөп жаткан учурунда Бишкек шаарынын Махатма Ганди көчөсүнөн шек жараткан Ниссан Примера унаасын токтотушкан. Бирок айдоочу мыйзамдуу талаптарга баш ийбей, кетип калышкан.

Аталган унааны Махатма Ганди менен Сокулук-Кант айланма жолунун кесилишиндеги май куючу жайдан токтотушкан. Текшерүүгө алган учурда айдоочу жана анын жүргүнчүсү экөө кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына баш ийбестен активдүү каршылык көргөзүп, күч колдонушуп, кызматкердин камерасын жана погонун жулуп алган.

Кызматкерлер «Кара күчтү, атайын каражаттарды, куралдарды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуунун тартиби» боюнча кара күч колдонуп кармашкан. Айдоочуну жана жүргүнчүнү медициналык текшерүүдөн өткөрүүдө мас абалында экендиги аныкталган.

Айдоочу 29 жаштагы Т. уулу Т. жана жүргүнчүсү 36 жаштагы Ж.А. шаардык милицияга жеткирилиген. Айдоочуга карата айып протоколу толтурулуп, Ниссин Примера унаасы айып короого токтотулду. Ал эми жүргүнчүсү Биринчи Май райондук сотунун токтомуна ылайык 3 суткага камакка алынды.