Бишкекте жол тескөөчүлөрдүн унаасынын айнегин сындырган айдоочу кармалды

Кечээ, 16-сентябрда саат 01:20 чамасында рейддин алкагында Токтогул менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде Хундай Портер унаасы токтотулган. Анын 54 жаштагы айдоочусун спирт ичимдигин ичкен деп шек санашкан.

Айдоочу күч колдонуп, кызматтын Равон Нексия унаасынын арткы эшигинин айнегин сындырып салган. Хундай Портер үлгүсүндөгү унаа убактылуу кармоочу жайга киргизилип, айдоочуга мас абалында унаа айдагандыгы үчүн мыйзам бузуу протоколу түзүлдү. Айдоочуга бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайына камалды. Бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.