Бишкекте жол тескөөчүнү капотуна жаткырган бойдон бир топ жерге чейин алып барып, ал кулаган соң, из жашырган айдоочу табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Окуя кечээ, 22-январда саат 16:30 чамасында Айтматов менен Москва көчөлөрүнун кесилишинде болгон. Видеодон милиция кызматкеринин сүрүлүп барып, кулаганын көрүүгө болот. Ленин РИИБ бейбаштык беренеси менен иш козгоду. Унаанын мамлекеттик номуру болгон эмес. Жол тескөөчү ооруканага жеткирилген.
Милиция кызматкерлери унааны Бишкектеги турак жай комплекстеринин биринин алдынан табышкан. Шектүү катары 1998-жылы туулган жаран аныкталып, камакка алынды.