Бишкекте жол тескөөчүнү сөгүп, баш ийбеген айдоочу 5 суткага камалды

17-январда Октябрь РИИБге Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкери билдирме менен кайрылган, анда саат 15:30дар чамасында коомдук тартипти бузган 1991-жылы туулган жаран милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбегендиги жана оозго алгыс сөздөрдү айтканын билдирген.

Аталган факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине (Майда бейбаштык) ылайык административдик камакка алынган. Андан соң, Октябрь райондук сотуна жеткирилип, соттун чечими менен 5 суткага убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Соттун чечими менен 1991-жылы туулган жаран 3 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылып, унаасы унаа токтотуучу жайга киргизилди.