Бишкекте жолдошу аялын бет талаштыра тээп, жерге сулата койгон видео тарады. Окуянын чоо-жайы

Кечээ, 30-январда Бишкекте жолдошу аялын бет талаштыра тээп, жерге сулата койгон видео соцтармактарга тарады.

Буга байланыштуу Ленин районунун ички иштер башкармалыгынан маалымат таратышты. 30-январда саат 23:00дө милицияга Ахунбаев жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде күйөөсү аялын сабап жатканы тууралуу чалуу түшкөн. Ал жерге милиция кызматкерлери барган. «Ошол эле күнү саат 17:30 чамасында алардын конокто болгону жана ал жакта оозеки уруша кеткени аныкталган. Аял көчөгө чыккан учурда жолдошу артынан чыгып, ага кол көтөргөн. Факты каттоого алынды. Бирок аял милицияга арыз жазуудан баш тартып, эч кандай дооматы жоктугун билдирген», — деп жазылат милициянын маалыматында.