Бишкекте үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.
19-февраль күнү жаран милицияга арызы менен кайрылган. Анда жолдошу ошол эле күнү болжол менен саат 21:30 чамасында ур-токмокко алып, курч буюм менен денесине жаракат келтиргенин айткан. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесине (уруп-сабап кыйноо) ылайык кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча бир нече жолу жоопкерчиликке тартылганы аныкталган.
Кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган жаран аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.