Бишкекте “жолуңду ачып берем” деп 43 миң долларын алган көзү ачык кармалды

Бишкекте “жолуңду ачып берем деп” 43 миң долларга алдаган көзү ачык кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 

Арыз ээсинин айтымында, 2025-жылдын май айынан октябрь айынын аягына чейин шектүү «бизнесте жол ачып берем» деген шылтоо менен жана ар кандай ырым-жырымдарды жүргүзүү аркылуу ишенимге кирип, 43 000 (кырк үч миң) АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын алдап алып, андан соң белгисиз багытта жашырынып кеткен. 

Аныкталгандай, кармалган жаран аталган «ырым-жырымдардын» жүрүшүндө акчаны көрүстөндөргө калтырууну суранган жана жип, ийне сыяктуу ар кандай буюмдарды колдонгон”, — деп жазылат маалыматта.

Бул факт боюнча алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголуп, 2000-жылы туулган шектүү аныкталып, кармалган. 

Шектүү Бишкек ИИББнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Тергөө иштери улантылууда.

Урматтуу жарандар! Эгерде сиз жабырлануучу же күбө болсоңуз, төмөнкү номурлар аркылуу кабар бериңиздер: +996 703 656 464 же 102.