Бишкекте жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте жолдон өтүп бара жаткан адамды сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-декабрда саат 23:04 чамасында 2004-жылы туулган айдоочу Hyundai Sonata унаасы менен 7-Апрель көчөсүндө бара жатып, ресторандын тушунан 1995-жылы туулган жаранды сүзүп кеткен. Кырсык болгон жерден айдоочу качып кеткен.

Милиция тарабынан шектүү кармалып, айдоочунун мас абалында экени аныкталган. Учурда тергөө уланууда.