Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп алып, «Тез жардамды» коштоп бара жаткан айдоочу каза болду

28-ноябрь күнү саат 11:30 чамасында 1959-жылы туулган айдоочу Мерседес-Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасы менен Элебесов көчөсү менен түндүктү көздөй айдап бара жатып, Февраль көчөсү менен кесилишкен жерден жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан 1978-жылы туулган жөө жүргүнчүнү сүзүп алган. Алган жаракаттарынын кесепетинен 1978-жылы туулган жаран медициналык мекемеге жаткырылган.

Ал эми Мерседес-Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жабырлануучуну алып бара жаткан Тез жардам унаасын коштоп бара жатып, Фрунзе жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен каза болгон. Аталган фактылардын баары Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгында катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.