Бишкекте жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан аялды унаа сүзүп кеткен учур видеого түшүп калган

Бишкекте жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан аялды унаа сүзүп кеткен. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады.

Маалыматка караганда, жол кырсык 2-июнда саат 11:09 чамасында Ауэзов көчөсүндө болгон. Милиция азырынча маалымат бере элек.