Бишкекте жубайын зордуктап, денесине залал келтирүүгө шектүү кармалды

15-сентябрда Октябрь РИИБге аял киши кайрылып, жарандык жолдошуна чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, 14-сентябрда саат 15:00 чамасында аны зордуктап, денесине залал келтирген.

Аталган факты боюнча, зордуктоо боюнча кылмыш иши козголуп, экспертиза дайындалган. Кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган жаран кармалды. Ал соттун чечими менен 2 айга камакка алынган.